Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жээнбаеванын мүнөзү чорт экенин айтып, балким Каржы министрлигине ажыдаардын функциясын аткаруучу киши керек болуп жаткандыр деди.
"Сураштырсам мүнөзүңүз абдан оор экен. Адамдар менен тез урушуп кетет экенсиз. Кызматкерлерди иштен тез бошотуп жиберген адатыңыз бар экен. Ойлонуп көрсөк, балким Каржы министрлигине азыр ажыдаар функцияны аткарыш үчүн ушундай киши керек болуп жаткандыр", — деди депутат.
Масалиев, андан сырткары, Жээнбаевага жеке мүнөзүн, айрым сапаттарын сыртка калтырып жамаатка тең мамиле кылып, калыстык менен иштөөнү сунуштады.