Тасманы редакцияга жергиликтүү тургундардын бири берди. Ал атын атабоону өтүнүп, видеодогу унаа алардын короосуна бир жумадан бери келип-кетип жатканын билдирди.
Окуя 11-декабрга караган түнү болгон. Видеодон унаанын жанында турган адамдар ичимдик ичип, бөтөлкөлөрдү балдар аянтчасына ыргытып жатканын көрүүгө болот.
"Бөтөлкөнүн сыныктарынын үстүнө 3 жаштагы балам кулап жаракат алды. Унаанын номерин, тилекке каршы, эстей албай турам. Бул адамдарга мындай кадамга барган туура эмес экенин кантип түшүндүрсө болот?" — деп суроо салды тургун.
Sputnik агенттигинин кабарчысы тасманы ШИИББге жөнөттү. Милиция аны иликтеп, эми роликтин каармандарын издеп жатат.