БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында "Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" маселеси каралмакчы.