БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган кыргызстандык Валентина Шевченко наамын эжеси Антонина дал ушул дивизиондо №1 талапкер болмоюнча кармап турарын Yahoo Sports басылмасына берген маегинде айтты.
"Бир тууган эжем Антонина чемпиондук наамга жеткичекти курумду коргоп турам, андан ары көрө жатарбыз. Менин Аманда Нунис менен бүтпөй калган ишим бар… жеңил салмактагы. Мен ага утулбаганымды билем, ал деле беттеште жеңүүчү болбогонун билет. Кармаш качан экендигин так айта албайм, бирок ал бир күнү болот. Калганын убакыт-мезгил көрсөтөт", — деди Шевченко.
Беттештен кийинки маегинде Валентина чемпиондук наамы көп жылдык эмгегинин акыбети экендигин белгилеген.
Валентина Шевченконун улуу эжеси Антонина аталган уюмда быйыл күч сынаша баштады. Жакында эле кореялык Жи Йон Кимди уткан.