БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Өлкө аймагында укуктук жардам көрсөткөн декада өз ишин баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүп келген саамалык 3-декабрдан 10-декабрга чейин уланат. Анын алкагында министрликтин аймактагы башкармалык, бөлүмдөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалары жана коомдук уюмдар жарандарга акысыз укуктук кеп-кеңеш берет.
Андан сырткары, жогорку окуу жайларда атайын лекциялар уюштурулат. Иш-чаранын максаты — калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу, сот акыйкаттуулугуна жетүү.