Жумага карата аба ырайы

© Влад УшаковЛедяные водопады Кыргызстана
Ледяные водопады Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +9…+14, Таласта +7…+12 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын жергесинде 0…+5 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланары айтылды. Абанын температурасы Бишкекте +11…+13, Ошто +10…+12 гарадус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0