Премьер: Centerra башчысы "Кумтөрдү" сатып алууга кызыкдар тарап болгонун айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочая поездка Сапара Исакова с деятельностью горнодобывающей компании "Kumtor Gold Company"
Рабочая поездка Сапара Исакова с деятельностью горнодобывающей компании Kumtor Gold Company - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Centerra Gold Inc. компаниясынын аткаруучу директорун чакыртып сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү эмне болгонун жана конреттүү кандай жыйынтыктар кабыл алынганын сурады.

Премьер-министр "Кумтөр" кенин иштеткен компанияны башка жактар сатып алат деген маалымат тарагандан кийин эмне болуп жатканын билүү максатында Centerra Gold Inc. компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перрини чакыртып, аны менен сүйлөшкөнүн айтты.

"Ал жерде негизги маселелерди карадык. Биринчиси, "Кумтөрдүн" өзүнөн канча алтын өндүрүлөрүн, андан биздин экономика менен бюджетке кандай таасир болорун сүйлөштүк. Бул боюнча жакшы жыйынтык бар. Жалпысынан 14,5 тонна алтын чыгарабыз деп жатышкан болсо, 16 тонна чыгара турган болду. Экинчиси, геологиялык чалгындоо боюнча. Буларда көп жылдан бери чалгындоо иштери жок болчу. Азыр чалгындоо иштерин күчөтүп, акча бөлүп, 2019-жылы быйылкы жылдан кем эмес алтын чыгарууну мойнуна алып, болгон күч-аракетин жумшай турган болду", — деди ал.

Абылгазиев ал эми Кыргызстан ала турчу дивиденд маселеси стратегиялык келишим күчүнө кирип, маселе чечилгенден кийин карала турганын белгиледи.

Кумтөр алтын кенинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra сатылабы? Исаковдун макулдашуусуна Абылгазиевдин ичи чыкпайт
"Сапар Исаков премьер кезинде кол койгон стратегиялык келишимде дивиденд маселеси стратегиялык келишимдин тагдыры кандай болсо ошого жараша чечилет деп жазылып калган. Бирок биз ага макул эмеспиз. Бул боюнча өзүбүздүн талаптарды да койдук. Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши боюнча бир нече шарттар бар, биздин да шарттар бар. Азыр биз Сапар Исаков кол койгон стратегиялык келишимде биздин кызыкчылыктар жакшы корголгон эмес деп жатабыз. Ачыгын айтканда, көбүрөөк акча төлөйсүңөр деп жатабыз. Анын ичинде экология маселеси боюнча, социалдык өнөктөштүк боюнча маселелер камтылган. Ушулардын баарын чечсек, андан кийин дивиденд маселесин да чечебиз деп жатабыз", — деди премьер.

Өкмөт башчысы Centerra Gold Inc. компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушууда компанияны сатуу боюнча тарап жаткан маалыматтар дагы талкууланганын билдирди. Перри чындыгында компанияны сатып алууга кызыккан тараптар болгонун, бирок олуттуу сүйлөшүү жүрбөгөнүн маалымдап, эгер сатып ала турган тарап чыкса, негизги акционер катары Кыргызстан тарап сөзсүз түрдө кабардар болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0