Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Иссык-Кульской области
Погода в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градус жылуу болот. Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында күндүн табы +3…+8 градуска жетери болжолдонду. Нарын аймагында 0…+5 градус болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +6…+8 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0