00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Обеды за 30 сомов: что едят школьники и кто делает меню
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көркөм өнөр аркылуу мураска кайтуу — айкел жана эстеликтер жөнүндө скульптордун пикири
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кариес у 90% детей Кыргызстана: кто поможет защитить улыбку?
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде тамак-аш коопсуздугу кандай сакталууда?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек перед зимой: как «Тазалык» готовит город к снегопадам
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда соңку убакта эмнеге жер титирөө көп каттала баштады?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Молодые режиссёры и новые имена: кто формирует лицо кыргызского кино
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
«Самозапрет» на кредиты: в Кыргызстане запущен новый инструмент защиты от мошенников
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды

© AFP / ALAIN JOCARDАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рябушкин 21-ноябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Рекламная фирма Рубикон" ЖЧКсынын башкы директору жана "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасынын акцияларынын көзөмөл пакеттеринин ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 23-ноябрь күнү чыгарган. Ал буга чейин 2018-жылдын 21-ноябрында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Рябушкин жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомунун акционерлеринин арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинен улам кармалган.

Себеби 2016-жылы "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасын, "Вечерний Бишкек", "Жаңы агым", МСН гезитинин редакцияларын, vb.kg интернет сайтын, "Рубикон" рекламалык фирмасын жана басмакананы сот Эркин Мамбеталиевдин моралдык чыгымы үчүн бир миллион сом компенсация төлөтүү үчүн айыпка жыккан. Мамбеталиев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы болгон. Ал ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылгандыгы айтылат.

Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Атамбаевдин байлыгын текшерет
Жогоруда саналган басылмалардын бардыгы акчаны ар кимиси чыгарып, бир миллион сомду төлөп бериши керек эле. Бирок "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасынын директорлор кеңешинин жетекчиси Александр Рябушкин аталган басылманын директору М.Божокоев менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктарын колдонуп, акционерлердин кызыкчылыгына каршы келген кадамга барып, бир миллион сом төлөп беришкен. Каражат аталган басма үйдүн эсебинен берилген.

Тараптар 2016-жылдын 21-октябрында келишимге кол коюп, ошол эле күнү басылма үйдүн кассасынан Мамбеталиевге чыгым ордеринин негизинде бир миллион сомду накталай беришкен.

ИИМ Рябушкин жана Божокоев бул кадамы менен "Издательский дом Вечерний Бишкектин" акционерлерине материалдык чыгым келтиргенин бекемдеди.

Мындан улам 173-берененин ("Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү") экинчи бөлүмү, 221-берененин ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") биринчи бөлүмү жана 350-берененин ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу") биринчи бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

"Вечерний Бишкек" чатагы

2014-жылы жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомунун ал кездеги ээси жана "Рубикон" рекламалык фирмасынын башчылары Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосунда мүлк талаш башталган. Рябушкин ага басылма үйдүн акцияларынын бир бөлүгүн берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Аталган акцияларынан мурдагы президент Аскар Акаевдин маалында айрылып калганын жарыя кылган.

ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаевдин иши кайтадан каралышы керек
Сот анын дооматын аткарып, Рябушкин бирге иштеген Кимге тиешелүү акциялардын 50 пайызын алган. Мындан кийин басма үйдүн жетекчилиги менен эмгек жамааты да алмашкан. Александр Ким мунун баарына учурдагы (Алмазбек Атамбаевдин бийлиги – ред.) бийликтин катыштыгы, анын ичинен президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев, андан сырткары, Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмияновдун да тиешеси бар деген.

Мындай маанайдагы материал "Вечерний Бишкек" гезитине жарыяланып, андан кийин Мамбеталиев менен Илмиянов алардын ар-намысын, беделин коргоо үчүн кайрадан сотко арыз берген. Фемида өкүлдөрү редакцияны экөөнө компенсация иретинде бир миллион сомдон эки миллион сом акча төлөөгө чечим чыгарган.

2018-жылы Ким тартип коргоо органдарына кайрылып, жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомун, рекламалык фирмасын рейдерлик жол менен тартып алышкандыгын айткан. Мындан соң Башкы прокуратура кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0