00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Если разобраться...
Безработные есть. Работников не хватает. Где тогда проблема?
12:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арчага 577 миң турист келди: паркта 5*мейманкана, айнек көпүрө ишке берилет
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое социальные институты — беседа о социологии
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуулук насосторуна жеңилдетилген насыяны кимдер алат жана шарттары кандай?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Диалог через науку: АлтГУ и Кыргызстан укрепляют академические связи»
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Налоговая среда для IT-бизнеса: что привело Кыргызстан к первому месту в рейтинге?
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Спутник над Кыргызстаном: зачем стране собственные космические технологии
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балага сүйүнчү алган ата-эне банкка акча төлөбөшү керек. Министрликтин түшүндүрмөсү

© AFP / FRED DUFOURБаласын карап жаткан эне. Архив
Баласын карап жаткан эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банктарга сүйүнчүнү ээсине жеткиргендиги үчүн министрлик 20 сомдон төлөп берет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Балага сүйүнчү" алууда ата-энелердин кайсы банктарда эсеби болушу керектигин жана банктын кызмат акысын ким төлөй турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен айтып беришти.

Буга чейин редакцияга окурман балага сүйүнчү алганда "айрым банктар 100 сомго чейин акча кармап жатат" деп кайрылган.

Министрлик ушул тапта сүйүнчү берүү боюнча 16 банк менен келишим түздү. Алар:

— "БТА Банк" ЖАКы;

— "Айыл банк" ААКсы;

— "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКы;

— "Азия Банкы" ЖАКы;

— "Росинбанк" ААКсы;

— "Дос-Кредобанк" ААКсы;

— "Аманбанк" АКсы;

— "ЭкоИсламикбанк" ЖАКы;

— "Банк-Бакай" ААКсы;

— " Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКсы;

— "Бай Түшүм" ЖАКы;

— "ФинансКредитБанк" ААКсы;

— "Халык Банк Кыргызстан" ААКсы;

— "РСК Банк" ААКсы;

— "Банк Компаньон" ЖАКы;

— "ФИНКА Банк" ЖАКы.

Ата-энелердин дал ушул банктарда эсеби болуп, сүйүнчүнү ушулар аркылуу алса, бир дагы сом чыгым болбошу керек. Дегеним балага мамлекет тарабынан сүйүнчү катары берилген 4 миң сом ашык-кеми жок эсебине түшүүсү шарт. Негизи банк бир сүйүнчүнү ээсине жеткирүү үчүн анын 0,5 пайызын, тагыраагы 20 сом алат. Бул акчаны министрлик сүйүнчүгө тийбей, өз чөнтөгүнөн төлөйт.

"Бирок биз менен келишим түзбөгөн банктар аркылуу сүйүнчү алам дегендер кызмат акысын өздөрү төлөөгө туура келет. Адатта ар бир банктын кызмат акысы ар кандай", — деп түшүндүрдү ведомствонун маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева.

Анын айтымында, акчаны жарандарга банк аркылуу берүүнүн негизги максаты — каражатты ээсине толугу менен жеткирүү.

Соска жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү акча бир айда эмес, бир жумада берилип жатат. Жөлөк пул тууралуу
"Акчаны жарандын колуна накталай карматсак, адамдык факторлор роль ойноп кетиши мүмкүн. Кыргызда балалуу болгон адам кубанганынан сүйүнчү берет эмеспи. Мисалы, маалымат даярдаган же кассада отурган кызматкер сүйүнчү сурап, ата-эне ошол акчанын бир бөлүгүн берип коюшу ыктымал. Ал эми банктын эсебине которулган акча толугу менен өз колуна тиет", — деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 1-январынан 16-ноябрга чейин өлкө боюнча жалпы 82 миң 437 балага сүйүнчү пул берилген.

Эгерде "балага сүйүнчү" төлөмүн ала албай же бул боюнча маселе жаралып жаткан болсо, жарандар жашаган жериндеги райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылса болот.

Ошондой эле 0312 30-01-26 жана 0312 62-45-48 телефондоруна чалып, көйгөйдү чечип алууга мүмкүнчүлүк бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0