Сүйүнчү акча бир айда эмес, бир жумада берилип жатат. Жөлөк пул тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековСоска жана акча каражаттары. Архив
Соска жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул алууда кайсы документтер жоюлуп, кандай жеңилдиктер киргизилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин "Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча долбоор тууралуу коомчулук арасында кайчы пикирлер айтылды. Айрымдары "кичине болсо да тыгынчык" деп алган акчасына сүйүнсө, башкалары сүйүнчү акчаны эки-үч айлап ала албай жаткандарын айтып нааразы болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Каныбек Бейшенбековдун окуясы буга далил. Кесиптеш бул процесс боюнча атайын макала жазып, ага кеткен убакыт, толгон-токой документ тууралуу айтып берген.
Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул жылдын июль айынан бери балага сүйүнчү берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп, андагы айрым документтер кыскартылганын билдирди. Балага сүйүнчү алуунун жаңы киргизилген шартын, жол-жобосун министрликтин өкүлү Айкөл Турганбаева айтып берди.

"Балага сүйүнчү" төлөмүн ким ала алат?

"Балага сүйүнчү" төлөмү 2018-жылдын 1-январынан баштап жана андан кийин төрөлгөн балдарга каралган. Төлөм асырап алынган жана камкорчулукка алынган балдарга да берилет.

Акчанын көлөмү канча?

"Балага сүйүнчү" төлөмүнүн өлчөмү ар бир балага — 4000 сом.
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүйүнчү" алуу эмне үчүн мынча татаал? Министрлик жооп берди

"Балага сүйүнчү" төлөмүн дайындоого арызды кайда тапшыруу керек?

Сүйүнчү пул алуу үчүн арызды жашаган жери боюнча жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС), калкты тейлөө борборлоруна же маалыматтык киоскилерге калтыруу керек. Ошону менен төмөнкү документтерди кошо берүү зарыл:
— арыз ээсинин паспорту;
— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
— банктагы эсеби жөнүндө маалымат;
— арызды камкорчу адам тапшырса, балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү керектелет. Эгер арыз менен кайрылман барса, анда кайрылман деген күбөлүгүн көрсөтүү зарыл болот.
Буга чейин балага сүйүнчү акчаны дайындоодо жогоруда көрсөтүлгөн документтерден сырткары арыз берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат да талап кылынчу. Азыр бул документ алынып салды.

"Балага сүйүнчү" төлөмдү дайындоо үчүн арызды ким тапшыра алат?

— ымыркайдын ата-энесинин бири;
— асырап алган адам;
— ишеним каттын негизиндеги ишенимдүү адам.

"Балага сүйүнчүнү" дайындоодо өзгөчө шарттар

"Балага сүйүнчү" алыш үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек.
Бул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда "балага сүйүнчү" берилбейт.
Ымыркай кармап турган эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бүгүн төрөлгөн балдарга белек берилет

Банктык эсепке төлөм качан которулат?

Арыз берген күндөн тартып жети күндүн ичинде которулат. Буга чейин төлөм бир айдан ашуун убакытты талап кылчу. Бирок "балага сүйүнчү" пилоттук долбоор болгондуктан, акчаны алуудагы маселелер кайрадан каралып, төлөм бир жуманын ичинде берилип жатат. Жакынкы аралыкта үч күн ичинде берүү пландаштырылууда.

Банктык эсеп боюнча

Эгер ата-эненин өзүнүн банктагы эсеби бар болсо, арызга ошол эсептин реквизиттерин көрсөтсө болот. Банктык эсеби жок болсо, анда жаңы эсеп ачтыруусу кажет. Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен 16 банктын ортосунда атайын келишим бар. Алар сүйүнчү пул боюнча кайрылган жарандарга акысыз банктык эсеп ачып бере алышат. Балага ачтырган банктык эсепти ата-эне кийин башка кызыкчылыктар менен деле пайдалана берсе болот.

Жыл башынан бери сүйүнчү акча алган балдардын саны

Министрликтин маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-январынан 16-ноябрга чейин өлкө боюнча жалпы 82 миң 437 балага сүйүнчү пул берилген.
Эгерде "балага сүйүнчү" төлөмүн ала албай же бул боюнча маселе жаралып жаткан болсо, жарандар жашаган жериндеги райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылса болот.
Ошондой эле 0312 62-45-48 телефонуна чалып, көйгөйдү чечип алууга мүмкүнчүлүк бар.
Занятия в общеобразовательной школе - Sputnik Кыргызстан
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0