БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Башкы прокурор Нарын облустук сотунун судьясы А.Д.га карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган көзөмөл органынан кабарлашты.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 305 (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 328-беренелеринин (Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) негизинде козголгон.
Сентябрь айында Нарын шаарында өтүп жаткан сот жараянынын биринде жабырлануучунун өкүлдөрү жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлүп, сотко урмат көрсөтпөй, судьянын эскертүүсүнө карабай, залдан чыгып кеткен.
"Кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, кылмыш иш козголо элек иш боюнча "Сотту сыйлабастыгы үчүн" токтом чыгарып, Кылмыш кодексинин 321-беренесинин негизинде ("Сотту сыйлабаганы үчүн") жабырлануучулардын төрт өкүлү — М.А., Б.А., Т.Ж. жана Т.А. аттуу жарандарды күнөөлүү деп таап, 10 000 сомдук айыпка жыккан", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта, аталган судьянын мыйзамга туура келбеген аракетинен улам, аталган төрт жарандын укугу бузулган деген бүтүмгө келишкен.
Ал эми 30-октябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан судья А.Д.га кине коюлуп иш Биринчи май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.