"Коопсуз шаар" боюнча келишимге кол коюлду. Иш качан башталат?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКамеры фиксации нарушений пдд в Москве
Камеры фиксации нарушений пдд в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи комплекстер 90 күндөн кийин иштеп баштайт. Аталган долбоордун тагдыры бир нече жылдан бери чечилбей келет.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет менен россиялык ачык типтеги "Концерн радиостроения "ВЕГА" акционердик коомунун ортосунда келишим түзүлдү.

Аталган компаниянын башкы директору Сергей Калмыков  жакындан тарта иш  жыларын билдирди.

"Бул келишим алгачкы алты ай ичинде иштеп баштайт, алгач беш жылдык системаны, аткарчу иштердин планын түзүп алабыз. 90 күндүн аралыгында видео жана сүрөткө тартууну, андан соң калганын өз ырааты менен ишке киргизебиз", — деди Калмыков.

Ал көчмө комплекстер иштеп баштарын кошумчалады.

"Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча интернет-аукцион 2018-жылдын 23-августунда өтүшү керек болгону менен сынакка түшкөн арыздарды ачуу учурунда мамлекеттик сатып алуулар системасы иштебей калган. Анда чындыкка жакындабаган маалымат — Megaline тооруктун эки лотунун ар бирине 50,5 миллиард сом сунуштады деп чыккан. Калган катышуучулар — ачык типтеги "Кыргызтелеком" жана "Концерн радиостроения "Вега" акционердик коомдору баа тууралуу маалыматын билдирбегендиктен сынактан "чыгарылып" калган.

Установка камер фиксации на дорогах Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Эрежени бузбаңыз! Балыкчы шаарынын жолдоруна видео камералар орнотулду
Кийинки тендер сентябрдын башында өткөрүлгөн. Баштапкы баасы 2,5 миллиард сомду түзүп, ага "Безопасность информационных систем", "Альфа Телеком" жана "Вега" компаниялары катышкан. Алар жыйынтыгында арзандатылган бааны — биринчи лот боюнча 1,125 миллиард, экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сомду сунуштаган.

Ал эми "Безопасность информационных систем" компаниясы интернет-аукциондо "Веганын" утуп алышына нааразы экендигин айтып, арыз менен кайрылган. Анда концерн атаандаш ишкананын буга чейин азыркыга окшогон долбоорлор боюнча тажрыйбасы бар экендигин тастыктабагандыгын айткан. Буга компания жооп кайтарып, өзүнүн негиздемелерин келтирген. 

Сентябрдын аягында көз карандысыз ведомство аралык комиссия арыздар менен нааразылыктарды карап, мамлекеттик комитеттин "Коопсуз шаар" боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Көп өтпөй, 2018-жылдын 1-ноябрында Бишкектин райондор аралык соту "Коопсуз шаар" долбоору боюнча түшкөн арыздардын негизинде көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарган

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөт мындан төрт жыл мурда демилге көтөрүп чыккан. Биринчи тендер жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. 2015-жылы январда "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеңүүчү деп табылып, бирок ИИМ анын шарты менен макул болбой, сотко берген. Кийинчерээк долбоор менен кытайлык Huawei компаниясы иш алып барары айтылып, бирок алар менен түзүлгөн келишимди кыргыз өкмөтү бир тараптуу жокко чыгарган. Анда инвестор өзүнө тагылган милдеттерди аткарган жок деген кине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0