БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактарда Жалал-Абадда иштеген Санрабия Сатыбалдиева аттуу журналист кыз бычакталганы туурасында маалымат тарады.
Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы аталган кабарды тастыктады. Толук маалымат азырынча жок.
Ал эми укук коргоо органдарындагы булактар билдиргендей, Санрабия Сатыбалдиева "Малина ТВ" каналынын директору болуп иштечү. Ага Жалал-Абаддагы үйүнүн жанынан белгисиз эркек киши кол салып, бычак урган. Алдын ала маалыматтар боюнча журналист жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Окуя бүгүн, 9-ноябрда, болгону айтылууда.