БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ММА боюнча мушкер ирландиялык Конор Макгрегор россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен тезинен реваншка чыгууну талап кылып жатат. Бул тууралуу MMA Fighting порталы UFC уюмунун башчысы Дана Уайтка таянуу менен билдирди.
Макгрегор менен Дана Уайт жарым сааттай сүйлөшүп, ким менен болсо да беттешүүгө даяр экенин, бирок башкысы Хабиб Нурмагомедов менен мушташкыдай болуп кайтып келерин айткан.
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Таймаштан соң россиялык мушкер октагондон секирип түшүп, атаандашынын спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске кол салган. Ал эми тор ичинде Макгрегорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен агасы Абубакар кол көтөргөн.