Конор Макгрегор — өмүр баяны

© REUTERS / Adam Hunger-USA TODAY Sports / File PhotoИрландский боец ММА Конор Макгрегор
Ирландский боец ММА Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конор Макгрегор 1988-жылы 14-июлда Дублин шаарында (Ирландия) туулган.

UFC турниринин тарыхында биринчи жолу эки салмак категориясы боюнча курга ээ.

2007-жылы Ring of Truth 6 турниринин алкаганды биринчи жолу олуттуу мелдешке катышкан. Ал атаандашы Сиаран Кембеллди беш мүнөттүн ичинде техникалык нокаут менен утуп алган.

2008-жылы Cage of Truth туниринде Гари Морристи, Cage Rage чемпионатында Мо Тейлорду жеңип алган.

2012-жылы жарым жеңил салмакка өтүп, эки беттештен кийин мелдештердин лидери болгон.

Жеңил салмак категориясына кайтып келип, Иван Бухингерден чемпиондук титулду тартып алып, эки салмак категориясы боюнча чемпион болгон.

Макгрегор и Нурмагомедов едва не подрались на взвешивании. Видео - Sputnik Кыргызстан
Макгрегор салмакка түшүү учурунда Хабибди тээп сала жаздады. Видео
UFC Конор менен келишим түзгөн. Биринчи беттеште Маркус Бримейджди жеңген. Андан кийин Макс Холлоуэйди уткан. Дал ушул беттеш учурунда Конор жаракат алып, дарыгерлер 10 айга чейин эч кандай беттешке чыкпоону сунушташкан.

Кийин Конор ден соолугун чыңдап, UFC Fight Night 46 турниринин алкагында Диего Бранданды техникалык нокаут менен уткан.

Ирландиялык мушкер UFC турниринин жарым жеңил салмак боюнча ошол учурдагы чемпиону Жозе Альдого чакырык таштап, 2015-жылы беттешип, 13 секунданын ичинде нокаут менен жеңип алган.

2016-жылы февралда ал UFC турниринин алкагында биринчи жолу Нейт Диазга утулган. Ошол эле жылдын август айында Макгрегор кайтадан Диаз менен беттешип, UFC чемпиону болгон.

2016-жылы күзүндө Конор UFC чемпионатында жеңил салмакта мушташып, америкалык Эдди Альварести жеңген.

2017-жылы августта Конор беш салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер менен бокс эрежелери боюнча беттешип, утулуп калган.

2018-жылы UFC аны чемпиондук титулдан ажыраткан. Анткени Конор көп убакытка чейин өзүнүн титулун коргогон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0