Узап кеткен ай өлкөдөгү соттор үчүн оор болду. Каралган иштердин арасында күйөөсүн тирүүлөй өрттөп жиберген аялдын окуясы да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги октябрь айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди сунуштайт.
Зөөкүр ата
Мас болгон киши келинчегинин биринчи никедеги кызын алдап, жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Бул ыплас аракеттерин үч жылдан бери эч кимге билгизбей жасап келген. Кийин аялы байкап калып укук коргоо органдарына кайрылган. Сот эркек кишини 20 жылга эркинен ажыратты.
Өз уулун өлтүрмөк болуп…
Жарандык никедеги күйөөсүн бычактап…
Ажырашып, кичинекей эки баласы менен калган келин жарандык никеде жашап жүргөн эркек менен көчөдө уруша кетип, аны бычак менен сайып, уксус чачып жибергенге үлгүргөн. Шектүү сотко берген көрсөтмөсүндө жабырлануучу коркуткандыктан жанына бычак салып алганын айтып, жасаганын жарым-жартылай мойнуна алган. Эми кичүү баласы 14 жашка чыккандан кийин беш жылдык өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду.
Кайнене менен келиндин чыры
Өз энесин бычактаган эргул
Достору менен эс алып жүрүп үйгө кеч келген 28 жаштагы уулун босогодон апасы тосуп алып, анын арак ичип алганын көргөндөн кийин уруша баштайт. Ошол маалда уулу бычакты ала калып, энесин төшкө жана курсакка бир нече жолу сайып жиберген. Канжалаган аялды дарыгерлер аман алып калган. Сотто эне "мунун баарына мен күнөөлүүмүн, баламды кое бергиле" деп суранган. Жабырлануучунун сөзүн эске алып, сот айыпталуучуну шарттуу эркинен ажыратты.
Күйөөсүн тирүүлөй өрттөп
Соттолгон кайнене…
Ызы-чуудан, таякташуудан башы чыкпаган түгөйлөр ажырашууну чечет, бирок ортодогу үч жаштагы кыз ким менен калат деген маселе жаралат. Сот иштери жүрүп жаткан маалда наристе атасынын колунда болгон. Күндөрдүн биринде кыздын апасы менен таенеси күч колдонуп кызды алып кетүү үчүн атайын топ жалдаган. Алар үй-бүлө башчысын сабап, үч жаштагы кызды алып кеткен, бирок баланын атасы кайненесин кармап калган. Ал эми келин кызы менен Россияга чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кайнене беш жылга соттолду.