БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын директору болуп Нурлан Койчубаков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Мекеменин мурдагы жетекчиси Бакыт Темикеев башка ишке кеткендигине байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.