Дамирбек Асылбек уулунун соту: прокурор экс-депутаттын мыйзамсыз иштери тууралуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура экс-депутаттын уюшкан кылмыштуу топ түзүп, аны өзү жетектегенин маалымдады.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Алматыда райондор аралык адистештирилген сот Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карай баштады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу менен кошо дагы 11 адам соттолууда.

Сот учурунда прокурор кылмыш иштин чоо-жайын айтып берди.

"2016-жылдын ноябрь айында Асылбек уулу улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзгөн. Ал ири көлөмдөгү товарларды Кыргызстандан Казакстан менен Россияга аткезчилик жолу менен жөнөтүп туруу үчүн ошол топту жетектеп турган. Мындан сырткары, туура эмес маалыматтар камтылган документтерди колдонуп келген. Депутат казакстандык досторун аткезчилик менен алектенүүгө чакырып, кол алдындагыларга милдеттерин бөлүштүрүп берип койгон. Алар товардын Алматыга чейин тоскоолдуксуз жетишин камсыздаган", — деди прокурор.

Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, товар Алматынын аймагына оңой кириши үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ири суммадагы пара берип турган.

Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 (улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү) жана 234-беренеси (экономикалык аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголгон.

Депутат Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды
Есбол Жапбасовго 264 (улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү), 234 (экономикалык аткезчилик), 287 (мыйзамсыз сатып алуу, сатуу, сактоо, курал жана жардыруучу каражаттарды алып жүрүү), 385 (жасалма документ колдонуу), 194 (опузалоо) жана 190-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми Уланбек Мурадилов, Чыңгыз Абакиров, Досбол Джаппасов, Мухит Қазақпай, Мадияр Нурманов, Санжар Саулембаев, Мухит Тыныбаев, Данияр Кожамкулов, Нургали Аульбеков жана Куаныш Байгелов 264 (улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү) жана 234-берене (экономикалык аткезчилик) боюнча айыпталып жатат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0