00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аппак Hummer баштаган кортеж. Жоламан Шаршенбековду тосуп алгандагы видео

Жазылуу
Венгрияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков бүгүн мекенине кайтып келди.

Чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жоламан Шаршенбеков деген ким? Балбан тууралуу 7 факты
Спортчуну эл аралык "Манас" аба майданынан дос-туугандары, күйөрмандары жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Канатбек Арпачиев башында турган спортчулар салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Жоламан Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган тарыхтагы экинчи кыргыз балбаны. Биринчи жолу 2006-жылы Канатбек Бегалиев экинчи орунга ээ болгон. Ошону менен бирге эле чоң жеңишке жеткен эң жаш балбан болуп калмакчы.

Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде жаштык кылып алтынга жетпей калганын айткан

"Биринчи орунга абдан аракет кылгам. Катуу даярдандык. Жаштык кылдым, тажрыйбанын аздыгынан жеңилүү ызасын тарттым деп ойлойм. Буюрса, кийинки мелдештерде каталарымды түзөп, каршылаштарды жеңгенге аракетимди жумшайм. Бул да жараткандын буйругу, эч кайгырып, өкүнбөйм. Ушундай даражага жеткениме шүгүр. Ата-энем, кыргыз элим сүйүнсө, ыраазымын. Дүйнө чемпионатына жөн спортчулар келбейт. Ар бири өз өлкөсүнүн мыктысы", — деп айткан Шаршенбеков.

Ал эми спортчунун машыктыруучусу Хаким Махмудов окуучусунун эмгекчилдигине токтолуп кетти. Баса, ал таанымал балбан Жанарбек Кенжеевди да тарбиялаган.

"Өмүрүмдө бир топ балбанды эрезеге жеткирдим. Эл аралык деңгээлде ийгилик жараткандар Жанарбек менен Жоламан болду. Эки окуучум тең мыкты, эгер мүнөзү боюнча айтсак, Жоламан эмгекчил, мээнеткеч бала. Мен анын инисин да өстүрүп жатам. Жанарбек таланттуу болгону менен жалкоолукка тарттырып ийчү", — деди Махмудов.

Махмудов ошондой эле Шаршенбеков кийинки кармаштарында салмак ченин жогорулатып, 60 килограммда күч сынаша турганын кошумчалады.

Как чемпиона мира по борьбе Бакирова встретили родители и фанаты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кубанган эне чемпион уулу Эрбол Бакировду бетинен сүйүп, бооруна кысты. Видео
Шаршенбеков 55 килограмм салмакта күч сынашып, финалга чейин үч кармаш өткөргөн. Алгач кореялык Хи Донг Сонду 9:0 эсебинде, чейрек финалда армениялык Хоряр Хакхоянды 11:0 упай менен утса, ал эми жарым финалда түркиялык Екрем Озтуркту 9:0 эсебинде жер караткан. Бирок чечүүчү кармашта азербайжандык Элдениз Азизлиге утулуп, вице-чемпион аталды.

19 жаштагы балбан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону. Быйыл февралда Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло (2016), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017) күмүш медаль тагынган.

Дүйнө чемпионаты 20-28-октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өттү. Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан катышты. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барган. Алардын арасынан бир гана Жоламан Шаршенбеков медаль тагынып кайтты. Анын ичинен грек-рим күрөшүнөн 6, эркин күрөштөн 3, кыз-келиндер арасындагы күрөштөн эки балбан барган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0