БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Афганистандын Вардак провинциясында болгон терактыдан жети киши каза болдугондугун РИА Новости кабарлады.
Жардыруудан 37 киши жарадар болуп, терактынын жоопкерчилигин "Талибан" кыймылы мойнуна алган.
"Бүгүнкү окуя жай жарандар менен кошо полиция кызматкеринин да өмүрүн алып кетти. Андан сырткары дагы жети кызматкер жаракат алды", — деп айтылган маалыматта.
Миналанган автоунаа ишемби күнү Борбордук Афганистандын аймагында жайгашкан Вардак провинциясында болгон.
1TV телеканалынын маалыматына караганда, террорчулардын бутасына полиция башкармалыгы алынган.