Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жекшембиде, 28-октябрда Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшсө, кээ бир аймактарында абанын жылуулугу +23 градуска жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Фонтаны Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөргө карата аба ырайы. Күн жайындагыдай ысыйт
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +18…+23 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +15…+20 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош калааларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +18…+23, Ош шаарында +19…+21 градуска жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0