Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхына 27 жыл болду. СССР курамындагы Кыргызстан тең укуктуу союздук республика катары Жакынкы Чыгыш, Түштүк Чыгыш Азия, Африка жана Латын Америка элдеринин 60-70-жылдардагы боштондук күрөшүнө чоң салым кошконун азыркы жаш муун эмес, ошол маалда жашагандар да билбейт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун курамына караштуу авиациялык базаны Кыргызстандын Кант шаарына жайгаштыруу боюнча келишим 2003-жылы түзүлүп, 23-октябрда расмий ачылыш салтанаты өткөн. База эмне үчүн дал ушул Кант шаарына жайгашып калган? Андан мурда бул калаада эмне бар эле? Бул жөнүндө дээрлик эч кимдин кабары жок.
Мектептин түптөлүшү
Ошол убакта мектеп Фрунзедеги учкучтарды даярдоочу техникалык училище деп аталган.
1956-жылдан баштап бул училище чет мамлекеттик Улуттук боштондук кыймылынын аскерлерин даярдай баштаган. Окуу жайга Африка континентинен — Алжир, Ливия, Судан, Египет, Танзания, Уганда, Гвинея (Конакри), Гвинея (Биссау), Гана, Нигерия, Ангола, Мозамбик, Намибия, Мадагаскар, Түштүк Африка, Эфиопия, Жакынкы Чыгыштан — Сирия, Ирак, Түштүк жана Түндүк Йемен, Афганистан, Түштүк-Чыгыш Азиядан — Индия, Бангладеш, Лаос, Кампучия, Вьетнам, Индонезия, Латын Америкадан — Куба, Ургувай, Никарагуадан аскерлер окууга келчү. Социалистик лагерден Германия, Болгария, Чехословакия, Венгриядан келген кадеттер окушкан. Ал тургай Венгриянын аскердик-унаа авиациясы Кыргызстанда жаралган.
Окуу жайдан чыккан атактуулар
Фрунзедеги учкучтарды даярдоочу техникалык училищеден Советтер Союзунун космонавты Андриян Николаев, Индиянын космонавты Ракеш Шарма, Монголиянын космонавты Гуракча окуп кеткен. Алардан тышкары, Индиянын Аба куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Дильбах, Афганистандын Апрель революциясынын катышуучусу генерал Абдель Кадер, Афганистандын Аба куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Мухаммед Наззар, Гвинеянын (Конакри) Генералдык штабынын башчысы Абдурахман, Сирия Араб Республикасынын президенти Хафез Асад, Гвинея (Конкари) республикасынын биринчи аял учкучу Диало Фатимату Бинту бүтүрүшкөн.
Чет элдик курсанттарды тарбиялаган атайын инструкция
Кыргызстанда чет элдик окуучулар өздөрүн эркин сезип, кыргыз элинин тарыхы, адабияты, өнөр жайы, айыл чарбасы, илимий жетишкендиктери менен таанышып, кыргыз элинин артисттери, жазуучулары, илимпоздору, дыйкандары, партиялык жана советтик кызматкерлери менен жолугуп турган. Интернационалдык тарбияга Советтер Союзунун баатырлары генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, генерал-майор Дайыр Асанов активдүү катышып, Ата Мекендик согушта кыргызстандыктардын көрсөткөн эрдиги жөнүндө айтып беришкен.
Кыргыз эл жазуучусу, Социалистик эмгектин баатыры Аалы Токомбаев, кыргыздын эл акындары Түмөнбай Байзаков, Төлөн Шамшиев, илимпоздор академик Турар Койчиев, философ, илимдин доктору Арон Брудный да чет элдик студенттер менен жолугушуп турган.
Чет жактан келген окуучулар кыргыз искусствосу менен да тааныш болушкан. Опера жана балет театрына, кыргыз филармониясына жума сайын барып турушчу. КРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева, Салима Бекмуратова, композиторлор Мукаш Абдраев, Таштан Эрматов, Насыр Давлесов келип турган. Партиялык кызматкерлер Роза Отунбаева, Жаңыл Түмөнбаева, партия институтунун илимий кызматкерлери Ишенгүл Болжурова, Валентина Воропаева, Фрунзе шаарынын партиялык комитетинин биринчи секретары Карыбек Молдобаев да интернационалдык тарбияга активдүү катышкан.
Чет элдик окуучулар шаардын жана шаар четиндеги колхоз-совхоздордун жумушуна да катышып, өз салымын кошкон. Азыркы Ак үйдү кура баштаганда ишембилик уюштурулуп, жума сайын 100-200 студентти котлован казууга алып келчүмүн. Сокулук районунун колхоздоруна помидор бышып, тергенге кол жетишпей жатканда мен студенттерди алып барчумун.
Чет элдик студенттерди Кыргызстан менен кеңири тааныштыруу үчүн Ош облусуна жыл сайын экскурсия уюштурулчу. Бир жолу Никарагуадан келген студенттерди алып барып, Жалал-Абаддан Арсланбапка жеткенче жол бою концерт берип келгенбиз. Чет элдик студенттер улуттук ансамбаль түзүп, ай сайын концерт берип турушчу.
Бир сөз менен айтканда, Кыргызстан башка союздук республикалардан айырмаланып эл аралык зор милдетти аткарган. Чет мамлекеттерден келген студенттерди аскер адистигине үйрөтүү чоң милдет эле. Ошол убакта Кыргызстан жаман жашаган эмес. Искусство өнүккөн, адабият күч алып элге тараган учур болгон, кыргыз элинин атын ааламга дүңгүрөтүп тааныткан улуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы ташкындап турган заман болгон.
Кыргыз эли чет мамлекеттик студенттерге өзүнүн меймандостугун, айкөлдүгүн, марттыгын, тарыхынын тереңдигин, эң байыркы элдердин бири экенин көрсөткөн.