БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп Данияр Иманалиев дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Бул кызматты аркалаган Нурсулу Ахметова 19-октябрда жумушунан бошотулган.
Белгилей кетсек, Иманалиев буга чейин экономика министринин орун басары, өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.