21:22 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Встреча главы МИД КР Чынгыза Айдарбекова с послом России в КР Андрея Крутько

Жаңы министр Айдарбеков РФ элчиси Крутько менен жолукту. Эмне кеп болду?

© Фото / пресс-служба МИД КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
286 0 0

Чыңгыз Айдарбеков кызматка 17-октябрдан тарта киришти.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолукканын аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Элчи жаңы министрди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги сапарларды жана иш-чараларды талкуулашты.

Эскерте кетсек,  Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 17-октябрда ТИМ жетекчилигине дайындалып, аны жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырган.

Тема боюнча

Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды
Министр Чыңгыз Айдарбеков ишти эмнеден баштай турганын айтты
Белгилер:
ТИМ, Андрей Крутько, Чыңгыз Айдарбеков, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ