БИШКЕК, 15-окт — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко спорттогу кесиптеши Крис Сайборгго Аманда Нуньес менен боло турчу беттешине ийгилик каалады.
Бразилиялык мушкерлердин кармашы 29-декабрда Лас-Вегаста UFC 232 турниринин алкагында өтөт. Салмак чендери 66 килограмды түзөт. Сайборг учурда UFC уюмунун орто жеңил салмактагы чемпиону болсо, Нуньес жеңил салмактагы чемпион.
Шевченко социалдык тармакка "Алга, Крис" деп беттештин анонсун жүктөгөн.
Валентина Шевченко 2016-2017 жылдары Аманда Нуньес менен кармашып, экөөндө тең упайдын эсебинде утулуп калган.