БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Билдирмеге караганда, жер 14-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:16 чамасында, Оштон түштүк-батышты көздөй 138 чакырым, ал эми Баткенден түштүк-чыгышты көздөй 132 чакырым аралыкта силкинген.
Айылдардын арасынан жер титирөөнүн очогуна Жар-Башы айылы (12 чакырым) жакын жайгашкан.
Felt #earthquake (#землетрясение) M4.7 strikes 61 km E of #Karakenja (#Tajikistan) 8 min ago. Please report to: https://t.co/LIwVbPfqxS pic.twitter.com/kCiVK8J03d
— EMSC (@LastQuake) 14 октября 2018 г.
"Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жетет", — деп жазылат маалыматта.
Жер силкинүүнү Казакстандын сейсмологдору да катташкан.