Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 8-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +10…+15 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгил менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +15…+17 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0