БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Конституциялык палатасы (КП) укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап чыгып, экс-президенттин кол тийбестиги боюнча норма Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу КПнын сайтына жарыяланды.
КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын белгилешүүдө.
Укук коргоочу Токтакунов дагы президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамда экс-мамлекет башчылардын кол тийбестигин алып салуу боюнча норма каралбай калганын айтып чыккан.
"Анткен менен иштеп жаткан президентти кызматтан алып (импичмент), жоопко да тартса болот", — деп белгилеген Токтакунов.
"Экс-президенттердин кол тийбестигин алып салууга жол берген процедуралар иштелип чыгышы керек, бирок ал учурдагы президентти кызматтан алуу процессиндей эле татаал болушу керек", — деп маалыматта белгиленген.
Конституциялык палата өкмөткө "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун берди.