БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын борбору Душанбе шаарына учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү болжолдонууда.
Эске салсак, Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда эртең менен Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келген. Ал 24-26-сентябрда Нью-Йоркто иш сапары менен болуп БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышкан.