Уулун ичке тепкен киши эсиңердеби? Ал Мамкаттоодон 1,3 млн. сом талап кылууда

Жазылуу
Бишкек шаардык сотундагы келерки отурум 16-декабрга белгиленди.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүнүн кичинекей уулун ичке тээп, элге таанылган Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынан 1 миллион 356 миң 500 сом талап кылып жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын 2-декабрында социалдык тармакта эркек киши жерде жаткан бөбөктүн өйдө туруусун талап кылып тээп жаткан видео жарыяланган.

Проблема миграции в Европе - Sputnik Кыргызстан
Баласын ичке тепкен атаны камаш керекпи? Чуу салган видео боюнча 5 пикир
Ошол эле күнү ал милициянын колуна түшүп, баланын өз атасы экени аныкталган. Ага карата "Байбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй ал Мамкаттоо кызматында иштегени, бирок окуядан кийин жумуштан четтетилгени айтылган. Бирок наристенин энеси Адиевге дооматы жок экенин билдирип, кылмыш иши кыскартылган

Маалыматка караганда, Адиев Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Мамкаттоо кызматынан компенсация иретинде 1,3 миллион сом өндүрүп берүүсүн суранган. Ошондой эле ал аны мурдагы ордуна кайтарууну жана териштирүү иштери жүрүп жатканда, Мамкаттоонун бюджеттик эсебин камакка алууну талап кылган.

Ушул жылдын 7-июль күнү райондук сот анын өтүнүчүн четке каккандыктан, Адиев Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот отуруму бүгүн болуп, бирок доочунун өтүнүчү менен 16-октябрга жылдырылды.

"Адиев өзүнө байланыштуу чуудан кийин мыйзам жүзүндө иштен кетирилген. Азыр 302 миң сомду ошондон берки айлыгы катары, 54 миң сомду ар кандай чыгымдары жана 1 миллион сомду моралдык чыгым катары сурап жатат", — дешти Мамкаттоо кызматынан.

Ал Мамкаттоонун Сокулук районундагы кыймылсыз мүлк боюнча департаментинде иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0