БИШКЕК, 27-cен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөп жатканда отургандар аны шылдыңдап күлбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Алар менин үстүмөн күлгөн жок. Алар мени менен чогуу күлүштү. Баарыбыз шайыр отурдук", — деп түшүндүрдү Трамп.
Ал ошондой эле окуяга төмөнкүчө кененирээк түшүндүрмө берген.
Шейшемби күнү Америка лидери БУУнун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясында ал кызматка келгенден бери АКШда жасалган иштер менен өз сөзүн баштаган. Анда ал эки жылга жетпеген убакыт ичинде ага чейинки президентке караганда, көп нерсеге жетишкендигин билдирген. Ошол учурда отурумдун катышуучулары күлүп жиберген.
Трамп "мындай реакция күткөн эмесмин, бирок бул жакшы эле", деп оңтойсуз абалда калган. Ал өз сөзүн өлкөнүн экономикасы өсүп, жумушсуздук кыскарып жаткандыгын айтып уланткан.