Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 24-сентябрда республиканын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +16…+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +12…+17 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте жамгыр жаашы мүмкүн, Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +21…+23 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0