БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ultimate Fighting Championship уюмунун Twitter баракчасына жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун маалымат жыйынынын видеосу жарыяланды.
Мушкерлер беттеш алдында жолугушту.
"Why you no send me message?" #UFC229 pic.twitter.com/LDMv6Mk0H3
— UFC (@ufc) September 20, 2018
Макгрегор маалымат жыйын учурунда өзүн кармай албай, Нурмагомедов менен атасын коркок деп атады. Буга Хабиб Нурмагомедов жай гана жооп кайтарды. Дагестандык мушкер ал үчүн 6-октябрь гана маанилүү экенин айтты.
"Азыр ал (Макгрегор — ред.) каалаганын айтып алсын… Тор жабылгандан кийин көрөбүз. Макгрегордун атасы ага эмнени үйрөтөт билбейм, бирок менин атам эч качан өзүңдү таштаба жана сый-урмат көрсөт деп айтат. Мен эч качан өзүмдү таштабайм жана сый урматымдан жазбайм. Анын атасы тууралуу эч нерсе айта албайм. Торго киргенде мен ага сабак берем", — деди Нурмагомедов.
"You tap like chicken." #UFC229 pic.twitter.com/uIKqJ6ohUj
— UFC (@ufc) September 20, 2018
Мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет. Нурмагомедов жеңил салмак боюнча чемпиондук титулун коргойт.