Чүйдө жер силкинди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, силкинүү 18-сентябрь күнү саат 04:57де болуп, Чүй аймагындагы очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

"Жер титирөө Чүй районунун Юрьевка, Алмалуу айылдарында 3 баллга, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп ӨКМден кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0