БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын жүрүшүндө премьердин Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы мектептердин ачылышына катышары күтүлүп жатат.
Мындан тышкары, Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушун көрүп, көмүр ишканаларын иши менен таанышмакчы.