00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Азиатский кондитерский чемпионат WFRS
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Картаюу аялдардын фобиясыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные выплаты: действительно ли страховка помогает кыргызстанцам?
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
19:09
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Күн башат
Мөңгүлөрдүн үстүндөгү кара катмар окумуштууларды тынчсыздандырууда
21:09
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абдылдаев: Кытайдын визасын алуу ишкерлер үчүн оор бойдон калууда

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүЖогоку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архивное фото
Жогоку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр учурда ишкерлер менен жүк ташуучуларга виза берүү маселесин берүү чечилип жатканын айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогоку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай тараптын виза берүү маселеси тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, быйыл бул боюнча студенттер үчүн эч кандай маселе жаралбаганын айтты.

Абдылдаев ошондой эле учурда ишкерлер менен жүк ташуучуларга виза берүүнү жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

"Ишкерлер менен жүк ташуучуларга виза берүүдө маселе бар. Негизги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттүк, азыр ички процедураны иштеп чыккандан кийин бул маселе чечилет деп ойлойбуз", — деди ал.

Эл өкүлү Эмил Токтошев эки жылдан бери Кыргызстан жарандарынын виза алуу маселесин чече албай Тышкы иштер министрлиги чабал иштеп жатканын айтты.

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар визасыз бара ала турган өлкөлөр. Паспорт рейтинги
Өз кезегинде Абдылдаев виза берүү маселеси Кытай тараптын түзмө-түз саясаты, көз карашы экенин белгиледи. Андан сырткары, виза берүү маселесин бир гана Кыргызстанга карата катуулатпаганын, мындай чара башка мамлекеттерге дагы киргизилгенин маалымдады.

Бирок депутат Алмазбек Эргешов Белоруссия менен Арменияда виза алууда маселе жок экенин айтты.

Эске салсак, 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон жардыруудан кийин виза берүү маселеси кыйындап, студенттерден тарта ишкерлерге чейин убара болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0