Экс-мэр Кулматовдун жубайын сот залына киргизбей коюшту. Видео

Жазылуу
Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Сот процесси учурунда залга айыпталуучунун жубайы кирүүгө аракет жасады. Бирок андан майнап чыккан жок.

Суд над Кубанычбеком Кулматовым - Sputnik Кыргызстан
Кулматовдун адвокаты президентке ачык кайрылды
Шаардык сот ишти жабык эшик артында карап, натыйжада райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, Кулматов 28-сентябрга чейин камакта болот. Соттук процесс учурунда мурдагы калаа башчысынын жубайы эшикти такылдатып, ичине кирүүгө аракет жасады. Бирок залдын ичинен тартип сакчылары чыгып, жыйын жабык өтүп жатканын эскертүү менен киргизген жок. Кулматовду колдош үчүн келип, сыртта турган 20 чакты киши "жок дегенде жубайын киргизгиле" деп талап кылып жатышты.

Сот чечимин чыгаргандан кийин адвокат Сергей Слесарев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Кулматовдун ишинде кылмыш белгилеринин жоктугуна карабай, сот келтирилген далилдерди эске алган жок", — деди ал.

Адвокат эми шаардык соттун өкүмүн Жогорку сотко даттанарын билдирип, ушуну менен сотко кайрылуунун үчүнчү айлампасы жүрүп жатканын кошумчалады.

Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту 24-августта экс-мэр Кубанычбек Кулматовду абакта калтыруу мөөнөтү боюнча ишти карап, аны 28-сентябрга чейин абакта калтырган болчу.

Кулматов коррупция беренеси боюнча айыпталып, 18-майда кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган. Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.

УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан. 

"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген", — деп билдирген УКМК.

Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда айыпталуучунун РФ жарандыгы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0