Аталган кыргыз турак жайынын ээси бул боз үй 1898-жылы жасалганын айтууда. Учурда аны төртүнчү муун колдонуп жатат. Алар Ысык-Көл районуна караштуу Кашат айылынын тургундары.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эски боз үйдүн тарых-таржымалы тууралуу ээси Асел Рысмендеева менен маектешти.
— Бул боз үйдүн 120 жыл мурда жасалганын кантип далилдеп жатасыздар?
— Муну биздин бабабыз, башкача айтканда чоң атабыз Рысменденин атасы Чоду жасаган. Чоң атабыз 1952-жылы 75 жашында дүйнөдөн өткөн. Чоду бабабыз жылкычы болгондуктан ушул боз үйү менен көчүп-конуп жашачу экен. Негизи жайыты ушул Кырчын жайлоосу жана Ак-Суу капчыгайы болгон. Бул ыңгайлуу кийиз, туурдуктарын кошуп бир атка эле тыпыйтып артып кетсе болот. Чоң атабыздын айтуусуна таянып 1898-жылга таандык экенин эсептедик. Сыртта турган сандык да боз үй менен тең жасалган экен. Сынактын эксперттери келип сандыктын эски экенин жыгачтын дабышынан билип жатышат.
— Ошол күндөн ушул күнгө чейин кийиздери да эч нерсе болгон эмеспи?
— Мунун ууктары турпан талдан, керегеси эчки талдан жасалган. Кереге тарткычы нукура өзүнүкү, ал убакта топоздун, жылкынын куйругунан жасашкан экен. Бирок кийиз, туурдуктарын экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жаңылашыптыр. Андан бери деле 80 жылдын жүзү болбодубу. Энелерибиз кийизди мыктап жасаганы үчүн ушул убакка чейин сакталып келди да. Аябай катуу, бир жерин тигейин десең ийне араң өтөт. Эми айрым жерлери жыртыла баштады, аны жамап коюп атам.
— Дагы бир жагдай, 1916-жылдагы Үркүндө кыргыздар Кытайга качканда бул боз үй каякта сакталганы мага кызык болуп жатат…
— Жогоруда айткандай жарым саатта бузуп-жыйнап, бир эле атка жүктөп кете турган ыңгайлуу боз үй болгондуктан Кытайга чейин артып барып кайра алып келген экен. Жолдон тиге калып жарым күн, бир түн жатып эс алып кайра жыйнап жолун улап кете беришкен дешет.
— Учурда кандай жерде сактап жатасыздар?
— Суу өтпөгөн, астынан ным тартпаган кургак, көлөкө жерге сактайбыз. Күнгө да койбош керек. Асты-үстүнө шамал тийип турушу үчүн сарайдын ичине зымга байлап, асып коёбуз. Атабыз тебеленди жерге койдурчу эмес. Жыртылган жерин жамап, сыныгын оңдоп сактап келе жатабыз.
— Ушул боз үй менен жайлоого да чыгып жүрдүңүздөрбү?
— Мен бул үйгө 1980-жылы келин болуп келгем. Ошондо кайната-кайненем пенсия курагында эле. Жайлоого чыкпай калышкан, жайкысын бактын арасына тигип коюп салкында отурушчу. Тоого чыкканда алып барып тигип алышчу. Биз да кийин жайлоого чыкпай калдык. Ал эми чоң атабыз өмүр бою жылкы багып ушул боз үй менен жайлоодон түшчү эмес экен. Каркыра жактагы Челек жайлоосунда Казакстанга өтүп кеткен "Рысменденин жайыты" бар болчу. Ал киши 83 жашында дүйнө салды, бирок 82 жашына чейин алдан-күчтөн тайбай аттан түшкөн эмес. Рысменденин Салыбай жана Алыбай деген эки уулу болгон. Биздин атабыз Салыбай да эки уулдуу болгон, биз кичүүсүбүз. Ошондуктан боз үй бизде калган.
— Бул боз үйдү 2016-жылы да Көчмөндөр оюндарына алып келдиңиздер беле?
Ал эми боз үйлөр сынагында "Эң эски боз үй" номинациясын жеңип 30 миң сом алдык. Мындан сырткары, Түркияда өтчү кийинки Көчмөндөр оюндарына жолдомо беришти.