00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаа аткан ажарлуу монгол кызы: Кыргызстанга дагы көп жаачыларды алып келем

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 5 день.Стрельба из лука
III Всемирные игры кочевников. 5 день.Стрельба из лука - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кырчын жайлоосунда жаа атуу боюнча мелдештер болуп өттү. Анын арасынан атчан жаа аткан кыздар көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кызыгуусун жаратты.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан жаа атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Монголия, АКШ, Түркия жана Венгрия өлкөсүнөн келген 11 кыз-келин катышканын Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акун билдирди.

Алардын арасынан монгол кызы Конгорзул Батбаатарды кезиктирүүгө болот. Анын жаа атканы эле эмес, ажарлуу жүзү да көрүчүүлөрдү суктантты. Мелдештин соңунда Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошол жаачы кызды кепке тартып баарлаша алды. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковМонгол кызы Конгорзул Батбаатарды
III Всемирные игры кочевников. 5 день.Стрельба из лука - Sputnik Кыргызстан
Монгол кызы Конгорзул Батбаатарды

Хонгорзул 20 жашта, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Ага тоо койнунда өтүп жаткан оюндар жаркын маанай тартуулаганын белгиледи.

"Ассолому алейкум, мен Монголиянын борбору Улан-Батордон келдим. Көчмөндөр оюндарында атчан жаа атууга катышып турганыма абдан кубанычтамын. Аны уюштурган кыргыз элине чоң рахмат. Биз жакта да ушундай жаа атуу оюндары тынымсыз өтөт. Мындай иш-чаралардын дагы да көп болушун тилейбиз. Мен дайым катышууга дилгирленем. Бул сыяктуу оюндардын Монголияда дагы өтүшүн каалайм", — деди жаачы кыз.

Ал Көчмөндөр оюндары тууралуу Монголиянын ат оюндары федерациясы аркылуу угуп келген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековХонгорзул 20 жашта, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Ага тоо койнунда өтүп жаткан оюндар жаркын маанай тартуулаганын белгиледи.
III Всемирные игры кочевников. 5 день.Стрельба из лука - Sputnik Кыргызстан
Хонгорзул 20 жашта, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Ага тоо койнунда өтүп жаткан оюндар жаркын маанай тартуулаганын белгиледи.

"Монголиянын жаачы кыздарынан жалгыз өзүм келдим. Эки агам коштоп жүрөт. Ажайып оюндарга күбө болуп жатам. Биз жакта да жаа аткан кыздар көп, буюрса кийинки оюндарга көбүрөөк курам менен келүүнү пландап жатабыз. Өзүм ат үстүндө жаа атуу менен алектенгениме 6 жыл болду. Үй-бүлөмдө жаага кызыгып, ойногондор болгон эмес. Мен эле бала кезден атка жакын болдум, кийин жаа атууга кызыгып кеттим", — деди монголиялык Батбаатар.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жаратылышы, меймандостугу жакшы экенине токтолуп, бирок уюштуруу жагы бир аз купулуна толбой турганын белгиледи.

"Уюштуруучулар тарабынан бир аз кемичиликтер болуп жатат. Кыргызстандык кыздарга жакшы аттарды мингизип, бизге чабалыраактарын беришүүдө. Жакшы чуркабай калып жатат. Албетте, мындай оюндар бизге чоочун эмес. Монголияда дагы ушул сыяктуу чоң тойлор өтүп жаа атуу, ат чабыш, монгол боx жана эр сайыштар болуп турат", — деди Батбаатар.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештерге 70 мамлекеттен (Россиянын 12 субъектиси) 1918 спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0