Эмне үчүн аткаминерлер гимндин текстин билбейт? Пикирлер

Жазылуу
Мамлекеттик гимндин текстин билбей калган депутат Пархат Тулендыбаев социалдык тармакты бир топ ызы-чууга салды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кечээ, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин Жогорку Кеңештин иши башталып, жумушка келе жаткан депутаттардан жергиликтүү телеканалдардын биринин журналисти гимнди ырдап берүүсүн өтүнгөн.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутаты Пархат Тулендыбаев гимндин текстин билбегендиктен, түшүнүксүз бир нерселерди айтып, ырдамыш этип койгон. Мындан улам коомчулукта бир топ талкуу жаралып, эл өкүлүнүн дарегине сын айтылган.

Ал эми бүгүн Тулендыбаев расмий түрдө мекендештеринен кечирим сурап, гимндин текстин тууралап ырдаган видеону парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жарыялады.

"Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам", — деди депутат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз коомчулугундагы ар кайсы тармактын өкүлдөрүнө "жаран, өзгөчө мамлекеттик жогорку кызматтагы адам гимнди билүүгө милдеттүүбү?" деген суроо менен кайрылды.

Кыргызстандын гимни абдан угумдуу, бирок карапайым адамдардын ырдап кетиши үчүн бир аз татаал экенин журналист Тынчтыкбек Кожобеков айтат.

© Фото / предоставлено Тынчтыком КожобековымЖурналист Тынчтыкбек Кожобеков
Интервью с журналистом Тынчтыком Кожобековым - Sputnik Кыргызстан
Журналист Тынчтыкбек Кожобеков

"Гимндин тексти керемет. Бирок менин пикиримде, карапайым адам деми жетип ырдай албайт. Анын аркасынан тартынуу комплекси пайда болот болушу керек. Бул эми бир жагы. Экинчи жагынан гимн адамдын тээ жан дүйнөсүнөн булактай жылжып чыгышы зарыл. Аны ар бир атуул сүйүнүп, толкунданып, көзүнө жаш толтуруп ырдашы керек. Бул мекенге болгон сүйүү. Эгер мындай нерсе жүрөктө болбосо, гимндин текстин билген-билбегендин бир тыйынча пайдасы жок", — деди Кожобеков.

Андыктан журналист бүгүнкү коом ушундай экенин, "депутаттар билбейт деп чычалоонун зарылдыгы жок" экенин кошумчалады.

Ал эми мурдагы бышкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова гимндин текстин жатка билбөөнү чоң кимчилик деп эсептебейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы бышкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы бышкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова

"Бийлик өкүлү гимнди билгени жакшы диңизчи, бирок билбесе бул чоң кемчилик деп эсептебейм. Анткени гимнди жатка билген айрым адамдардын жанына тургандан уяласың. Кылган иштери патриоттуулуктун бир дагы талабына жооп бербейт", — деди Салянова.

Мекенди сүйүүгө чакырууга багытталган бул ырды ар бир жаран, өзгөчө жогорку кызматтагылар ырдай жүрүшү үчүн жаңы механизм иштеп чыгуу зарыл деген пикирин этнопедагог Абдыкерим Муратов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда гимди көбүнчө мектеп окуучулары же мектепти жаңы бүткөндөр билбесе, көпчүлүк биле бербейт.

© Фото / Курманбек МуратовЭтнопедагог Абдыкерим Муратов
Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич - Sputnik Кыргызстан
Этнопедагог Абдыкерим Муратов

"Бул мамлекеттик сомволду сыйлабагандык. Ал үчүн жоопкерчилик болушу керек. "Гимнди билбеген адам мамлекеттик кызматка алынбайт же айып төлөйт" деген сыяктуу чараларды көрүү үчүн мыйзамда жаңы механимздер керек", — деди Муратов.

Мыйзам демекчи, "КРдин мамлекеттик символдору жөнүндө" документтин 21-беренесинде гимнди Кыргызстандын ар бир жараны ырдашы керектиги айтылган. Бирок текстти жатка билбесе кандай чара көрүлөрү тууралуу сөз жок.

ЖК депутаттары гимн аткаруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гимндин сөзүн билесизби? Тест
Кыргызстандын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган. Сөзүнүн авторлору Жалил Сыдыков менен Шабданбек Кулуев, обону Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык.

Мамалекеттик сомволдорго байланыштуу акылга сыйгыс мындай окуялар башка өлкөлөрдө дагы болуп турат. Мисалы, эки апта мурда Украинанын президенти Петр Порошенко өлкө эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган аскер парадында гимдин текстин туура эмес айтып койгон. Ал эми АКШ лидери Дональд Трамп Огайо штатындагы балдар ооруканасына барганда өз мамлекетинин туусундагы өңдөрдү алмаштырып алган. Өлкө башчы балдар менен бирге сүрөт тартып жатып, туудагы кызыл өңдүн ордун көк менен боегон.

Жаңылыктар түрмөгү
0