БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Шаршембиде Ысык-Көл менен Нарын облустарынан башка жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас дубандарында 23…28 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 26…31 градус ысык болору айтылды. Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 22…27 градуска жетет.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада 24…26, Ош шаарында 28…30 градус ысык болот.