Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПогода в Иссык-Кульской области
Погода в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Республика боюнча 4-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Таласта +20…+25 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31 градус ысык болушу күтүлөт.

Ош шаарында абанын температурасы +28…+30, Бишкекте +23…+25 градус болушу болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0