БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Быйылкы Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу француздардын көк бөрү боюнча командасы катышат. Курама толугу менен кесипкөй хорсболчулардан турарын КРдин Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Хорсбол — Франциядан чыккан спорт түрү. Регби менен баскетболдун элементтерин камтыган бул оюнду ат үстүндө ойношот. Шарт боюнча атаандаштын жерден үч метр бийиктикке онотулган темир алкагына болушунча көбүрөөк топ салуу керек.
Кулданбаевдин айтымында, команда кышында Кыргызстанга хорсбол боюнча мелдешке келип, көк бөрү боюнча сабак алып кеткен. Мындан кийин алар өз мекенинде бир топ машыгууларды өткөргөн.
Спортчулар Кыргызстанга бүгүн келери күтүлүп жатат. Максаты — эң мыкты беш команданын катарына кирүү.
Негизинен Көчмөндөр боюндарына көк бөрү боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана АКШ мамлекеттеринин командалары катышат.