БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келгендигине байланыштуу борбор калаадагы айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Жабылчу аймактар:
— "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин;
— Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
— Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
— Айтматов проспектисинен Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;
— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдырахманов көчөсүнө чейин;
— Абдырахманов көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин.
Милициядан билдиришкендей, айрым жолдордун жабыла турган аймактары өзгөрүп кетиши мүмкүн.