Атасы кулап бара жаткан баласына учуп жетип, кармап калган видео Inside Edition порталынын YouTube каналына жарыяланган.
Бир суткада видеону 40,5 миң адам көргөн. Лос-Анжелесте эки жаштагы Ноа Линч түн ортосунда ойгонуп алып, төрт тарабы тосулган керебетинин кырына чыгып, андан соң жерге түшүүгө аракет кылган. Бул учурда тең салмактуулугун жоготкон наристе башы менен кулаган.
Дал ушул ирмемдерде кайдан-жайдандыр пайда болгон атасы учуп жетип, кулап келе жаткан уулун кармап калган. Андан соң баласын бооруна бекем кысып, отуруп калгандыгын көрүүгө болот.
Болгону төрт секундага созулган бул көрүнүштү кичинекейдин бөлмөсүнө орнотулган камера видеого тартып калган. Адатта бул техникалар наристенин коопсуздугу жана ар кыл кырсыктын алдын алып калуу үчүн жасалат.