Кыргызстанга самокат менен келген турист: ашууда жылаңач калганым кызык болду

© © SputnikТурист из Чехии Франтишек Папоушек
Турист из Чехии Франтишек Папоушек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франтишек Папоушек күнүнө 20-25 чакырым жолду басып, көл өрөөнүнүн керемет жерлери менен таанышкан. Аны менен кошо 11 адам велосипедчен келген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 56 жаштагы Франтишек Папоушек (Frantisek Papousek) Чехиядан Кыргызстанга самокат менен жеткен биринчи адам. Ал өмүр бою саякаттап жүрүп, бул жолу Кыргызстанга капысынан келип калганын айтат.

© © Sputnik56 жаштагы Франтишек Папоушек Чехиядан Кыргызстанга самокат менен жеткен биринчи адам
Турист из Чехии Франтишек Папоушек - Sputnik Кыргызстан
56 жаштагы Франтишек Папоушек Чехиядан Кыргызстанга самокат менен жеткен биринчи адам

"Мен турагенттик аркылуу окуялуу туризм боюнча саякаттайм. Анан Арменияга барууну мерчемдеген элем. Бирок мен иштешкен компания ал өлкөгө болгон саясатты токтотконун айтып, Кыргызстанды сунуштады. Чынын айтайын, алгач бул мага жага койгон жок. Себеби, самокат менен жүргөн туризм үчүн Кыргызстан ылайыксыз эле. Досторум жана кесиптештерим Кыргызстанга баруумду жана өзүмдү сынап көрүүмдү кеңеш кылышты. Сары-Жазды сунуштады. Албетте, келгениме өкүнбөйм. Кыргызстанда болгон 12 күн мен үчүн өтө чоң таасир калтырды. Мага эми Кыргызстан десе, тоолор көзүмө элестейт. Жаратылыштын кооздугу укмуштуудай экен, таң калып суктандым", — деди Франтишек Попоушек.

Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыйнап кымыз бербе, үй-бүлөсүнөн кабар ал! Чет элдик туристти туура тосуу этикети
Ал күнүнө 20-25 чакырым жолду басып, көл өрөөнүнүн керемет жерлери менен таанышкан. Аны менен 11 адам велосипедчен келген. Туристтер тоолорду кыдырып, сууларды кечип, ашууларды ашкан. Жети-Өгүздүн шаркыратмасында болуп, Каракол капчыгайына, Вознесеновкага барган. Башарын жана Каркыра жайлоосуна жетип, андан соң Торукта, Сары-Жазда болгон. Оттуктан Чоң-Ашууну басып өтүп, Караколго кайтып келген.

Франтишек Попоушек маалымат технологиясында IT адиси экендигин, ушул самокады менен 13 жылдан бери бир топ өлкөлөрдү кыдыргандыгын айтып берди.

"Турагенттик аркылуу келгендиктен, саякатым өтө деле арзан турган жок. Бирок бул сапарыма канааттандым. Мага чатырда жаткан көнүмүш адат. Эсимде өзгөчө сакталган окуя Чоң-Ашууну ашканда, 5 градус суук болуп, кар жааганы болду. Дайыма шорта, футболка менен жүрөм. Андыктан, мага бул кубулуш күтүлбөгөн, кызыктуу окуя эле", — дейт ал.

© © SputnikФрантишек Папоушек менен 11 адам велосипедчен келген
Турист из Чехии Франтишек Папоушек - Sputnik Кыргызстан
Франтишек Папоушек менен 11 адам велосипедчен келген

Мейман кыргыздын улуттук сый тамагы бешбармакты жебесе да, башка тамактардын ичинен өзгөчө лагман жакканын айтат.

"Бул жерде тургундар менен жакын мамиле түзүүгө убакыт болбосо да, алар менен эч кандай көйгөй жаралган жок. Көбү меймандостугун көрсөтүштү. Мекениме кайтып барган соң, чехиялыктарга Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштайм. Бирок, албетте, самокат менен эмес. Чынын айтыш керек, бул жерде самокат менен кыйын болуп калат экен. Эгер салыштырып айтсак, Грузиядагы туризмден Кыргызстандагы туризм жогору турарын байкадым", — деди ал.

Франтишек Попоушек бул жерде туризмди өлкө приоритет кылса болчудай деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0