Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровРека Чу в Иссык-Кульской области
Река Чу в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 1-сентябрда республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +24…+29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +28…+30 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0