Гитара черткен fighter кыз. Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова тууралуу 8 факты

© AP Photo / Bernat Armangue23 жаштагы жөө күлүк, Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова
23 жаштагы жөө күлүк, Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова марага биринчи келип, Азия оюндарынын чемпиону болду. Мекендештерин кубанычка бөлөгөн спортчу 28-августта дагы 5000 метр аралыкка чуркаганы даярдык көрүүдө.

23 жаштагы жөө күлүк, Азиянын эки жолку чемпиону Дарья тууралуу кызыктуу 8 фактыны спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

Сакадай бою сары алтын "fighter" кыз. Жеңил атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери, Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган. Атасы Владимир жүргүнчүлөрдү ташып, автоунаа айдап, таксист болуп иштейт. Апасы ардактуу эс алууда. Агасы Владислав Бишкекте жеке ишкерлик кылат. Дарья кичине кезинде эле балдар менен футбол, чүкө ойноп эркек мүнөз болуп чоңойгон. Аны достору "fighter" деп аташат. Дарья чынында эле чыдамкай, эрктүү, жоокер мүнөз. Бою 165 сентиметр болсо, салмагы 44 килограмм. Сакадай бою сары алтын кыз Каракол шаарындагы №1 Ленин атындагы орто мектепти, кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясын бүтүргөн.

© © SputnikЖеңил атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери, Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанская бегунья Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Жеңил атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери, Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган

Чыгаан устаттардын салымы. Анын жеңил атлетикага болгон сүйүүсүн ойготкон алгачкы устаты, караколдук марафончу, Кыргызстандын көп жолку чемпиону Александр Иванович Мох. Ал Дарьяга үч жыл чуркоонун сырларын үйрөткөн. Ал эми спорттук бийиктиктерди багындырууга табын билип таптаган устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Виктор жана Татьяна Борисовдор. Виктор Борисов даңазалуу жөө күлүк, Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаров баштаган чыгаан спортчулардын устаты. Анын кызы Татьяна Борисова да Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону болуп саналат. 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында 1500 метр аралыкта жарышта марага биринчи келген индиялык жөө күлүктөн кызытма (допинг) табылып, ага удаа экинчи келген Татьяна Борисова Азия оюндарынын чемпиону аталган. Эми шакирти Дарья анын жолун жолдоп, Индонезияда алтын медаль тагынды.

Эң жаш Азия чемпиону, өлкө рекордчусу. Кыргызстандык жеңил атлетчилердин ичинен Азия оюндарында жана Азия чемпионатында алтын медаль уткан эң жаш жөө күлүк Дарья Маслова болуп саналат. Ал орто аралыктарга чуркоодо Азиянын эки жолку жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Алгач 800 метрге чуркап жүрсө, кийин 3000, 5000 жана 10 000 метр аралыктарда ийгиликтерге жетип, Азия чемпионаттарында, Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарында жана эл аралык турнирлерде бир нече ирет мөрөй алган. Биринчи байгесине өзүнө ноутбук сатып алганын айткан жайы бар.

© REUTERS / Darren WhitesideИндонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүк 10 чакырым аралыкка чуркап, Азия оюндарынын чемпиону болду
Азиатские игры 2018. Женский марафон 10 км. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүк 10 чакырым аралыкка чуркап, Азия оюндарынын чемпиону болду

Талыбаган, арыбаган дулдул. Дарья 2014-жылы Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында 10 000 метр аралыктагы жарышта марага биринчи келип, Азия чемпиону аталган. 2015-жылы Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн Азия чемпионатында коло байгелүү болгон. 2015-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасында 10 000 метр аралыктагы жарышта марага үчүнчү келип, коло медаль тагынган. Балким чуркоого бир күн калганда устаты Виктор Борисов эс учун билбей жыгылып, ооруканага түшүп калбаганда марага биринчи келмектир. 2015-жылы 21 жашында Ташкентте өткөн лицензиялык эл аралык турнирде 10 чакырым аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, Рио-де-Жанейро олимпиадасына жолдомо утуп, олимпиадалык 10 чакырым аралыктагы жарышка дүйнө жүзүнөн тандалган жөө күлүктөр менен чуркап, марага 19унчу болуп келген.

Балтыр эти толгондо, баарын жеңип алчудай… Дарья үчүн 2017-жыл өзгөчө ийгиликтүү, жемиштүү болду. Индиянын Бхубанешвар шаарында өткөн Азия чемпионатында 5000 жана 10000 метр аралыктарда жарышта эки ирет марага биринчи келип, Азиянын эки алтын медалын тагынып, Кыргызстанды таанытты. 5 чакырымды 15 мүнөт 57,95 секундада, 10 чакырымды 32 мүнөт 21,21 секундада чуркап өткөн. Былтыр Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жаракат алып калганына карабай, коло байгенин ээси болду. Дагы ушул 2017-жылы Кытайдын Тайбэй өлкөсүндө өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарында 5 000 метр аралыктагы жарышта марага биринчи келип, алтын медаль медаль тагынган.

© REUTERS / Issei KatoКыргызстандык жеңил атлетчилердин ичинен Азия оюндарында жана Азия чемпионатында алтын медаль уткан эң жаш жөө күлүк Дарья Маслова болуп саналат
Азиатские игры 2018. Женский марафон 10 км - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жеңил атлетчилердин ичинен Азия оюндарында жана Азия чемпионатында алтын медаль уткан эң жаш жөө күлүк Дарья Маслова болуп саналат

Табын билген күлүктөй. Дарья күн сайын чуркап машыгып турат. Режимди бекем сактайт. Эгерде бир жума чуркабай калса, кайра калыбына келүү үчүн эки-үч жума кетерин эсинен чыгарбайт. Мелдешке бир жума калганда күрүч, нан жана чай менен гана азыктанат. Эт азыктарын мелдештен кийин гана бир аз жейт. Шорпо, лагман, манты анын сүйгөн тамактары. Аз жегенди адат кылып алган спортчу табында турган күлүктөй өзүн карап, байкап, баамдап турат. Ысык-Көлдө машыгууну баарынан артык көрөт.

Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши, рахматы... Видео - Sputnik Кыргызстан
Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши... Видео
Мекенчил, Кыргызстанды сүйгөн кыз. Дарья абдан мекенчил, эли-жерин, мамлекетин сүйгөн спортчу. Аны учурунда Россия, АКШ, Казакстан мамлекеттери көп айлык төлөп, мыкты шарт түзүп берүүгө чакырса да, өзү Бишкекте батирде турса дагы Кыргызстандын намысын бийик коюп, мекенин таштап кеткен эмес. Анын мээнети бааланып, "Даңк" ордени менен сыйланган.

Өз үйүм болсо, гитара чертип эс алат элем… Жердигинен шайыр, кабагым-кашым дебеген, келечегине ишенген маанайы жарык кыз бош убактысында гитара чертип, обон созуп ырдап, эс алууну жактырат. Бирок мелдеш алдында эч ким менен сүйлөшпөй, сүрөткө да түшпөй өз алдынча болот. Ата-энеси Караколдо тургандыктан, Дарья Бишкекте батирде жашайт. "Өзүмдүн үй жайым болсо, машыгууга жана эс алууга жакшы шарт болуп, мындан да мыкты ийгиликтерге жетишет элем. 2020-жылы Токио Олимпиадасына азыртан даярдык көрүп, байгелүү орунга илинсем" деп тилек кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0