00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамэкотехинспекция коррупцияга каршы чыккан кызматкерин иштен айдадыбы?

© Фото / предоставлено Анарой МамбеталиевойМитинг Анары Мамбеталиевой
Митинг Анары Мамбеталиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деп карьерасына балта чаап алганын айтууда.

БИШКЕК, 22-авг. – Sputnik. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын жазып чыкты. 

Ал инспекциядан чындыкты издеп жатып карьерасына балта чаап алганын белгилеген. 

“Ич ара коррупционерлер менен алышып отуруп акыры мамлекеттик кызматка кайтып келбей турган берене менен иштен алындым. Инспекция коррупциянын сазына чөгүп бара жатат, карап туруп андайга жол бере албадым. Чындыкты издейм деп карьерама да балта чаптым. Эми жаратылышты, коопсуздукту кантип коргойм?” — деп Мамбеталиева жазган.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мамбеталиеванын өзү менен байланышканда, ал инспекциядагы айрым адамдардын арты таза эместигин айтып өттү. 

“Алгач мен коррупциясыз, таза иштөөгө чакырыктарды жасап баштаганымда “иштен алынып каласың” деп эскертүү беришкен. Бирок ага карабай жетекчиликтин кабылдамасына плакат көтөрүп чыкканымда мамлекеттик кызматка кайтпай турган берене менен иштен айдашты. Балдарымды жалгыз тарбиялаган эне экенимди да эске алышкан жок”, — деди Мамбеталиева. 

Ал ошондой эле инспекциядагы коррупциялык иштерге далилдери бар экенин, бирок өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу үчүн чочулап жатканын белгиледи. 

“Ачыгын айтканда мыйзамды иштете турган жерде иштетип, иштетпей турган жерде көз жумулуп калган учурлар бар. Кайсы объектилердин артында кимдер турганы боюнча далилдерим бар. Бирок укук коргоо органдары менин коопсуздугумду камсыздап бергенде гана далилдерди ачыктап бере алам”, — деди Мамбеталиева.

Ал ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков элди коррупционерлердин атын атоого чакырганын укканда ишеним пайда болуп, ачык күрөшө баштаганын кошумчалады. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков соттор менен милицияга: элдин эсебинен жашаганды токтоткула!
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов Мамбеталиеванын билдирүүсүн социалдык тармактан көргөнүн, бирок анын өзү менен байланыша албай жатканын Sputnik агенттигине билдирди. Ал окуя тууралуу толук маалыматы жок болгондуктан комментарий бере албастыгын белгиледи. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мамэкотехинспекциянын жетекчиси учурда Москвада коммандировкада жүрөт. Ал эми УКМКнын маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 

Sputnik Кыргызстан окуяга мындан ары да көз салып турмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0